www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандагы талибдер балдардын шал оорусуна (полиомиелитке) каршы эмдөө өнөктүгүнө катышкан полиция кызматкерин атып кетишти. Медициналык кызматкерлерди коштоого тартылган тартип коргоочуга жекшембиде түндүк-батыштагы Дера шаарында эки киши ок чыгарган. Полиция кызматкери нөөмөттөн кийин үйүнө бараткан. Кылмыш үчүн жоопкерчиликти "Техрик-и-Талибан" уюму өзүнө алды.

Дал ошол 24-октябрда илдетке каршы эл аралык күн белгиленген. Пакистан Ооганстан менен катар полиомиелит өтө көп жайылган өлкө бойдон калууда. Пандемиядан улам бул жугуштуу, айрым учурларда өлүмгө алып келген оорудан коргогон эмдөө дээрлик токтоп калган.

Пакистандагы согушкерлер эмдөөгө катышкан адамдарды, анын ичинде полиция кызматкерлерин бутага көп алат. Экстремисттер вакцинация жергиликтүү балдарды тукумсуз кылууну көздөгөн Батыштын планы деп айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости