www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте “Империя пиццы” кафе тармактарынан тамактангандан кийин ууланып, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда саламаттык сактоо мекемелерине кайрылгандардын саны 118 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Темир жол ооруканасына 98 адам, Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасына 13 адам, Чүй облустук бириккен ооруканасына 2 адам, Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборуна 5 адам кайрылган.
"Алардын ичинен стационарларда Темир жол ооруканасында азыр 10 адам, Шаардык балдар ооруканасында 13 бала дарыланып жатат. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалайт. Калган жабырлануучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эпидемиялык иликтөө иштеринин жүрүшүндө жабыркагандар шаардын ар кайсы пунктарында жайгашкан "Империя пиццы" кафе тармактарында тамактанганы аныкталган.
Булак: NazarNews.kg