www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Мамлекеттик департаменти Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин Тажикстанга качып кирген 143 ооган учкучу жакында үчүнчү өлкөлөргө чыгарылат деген үмүтүн билдирди. "АКШ бийлиги Тажикстандагы ооган ички аскер күчтөрүнүн бардык учкучун чыгарып кетүүнү пландап жатат", — деп билдирген Мамлекеттик департаменттин аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү Reuters агенттигине. Ошол эле маалда ал бул пландын чоо-жайын айтуудан баш тарткан.
15-августта "Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин Тажикстанга качып келген 143 ооган учкучу алгач мамлекеттик университеттердин биринин жатаканасына жайгаштырылып, көп өтпөй тоолуу райондогу санаторийге которулган. Учкучтар - АКШ аларды алып кетип, качкын макамын берет деп үмүттөнгөн.
Талибдер Тажикстандын аймагына өтүп кеткен ооган учкучтары өлкөгө кайтып келсе, репрессияга кабылбай турганын билдирген. Бирок учкучтардын көбү мындай убадага ишенбейт.
Булак: NazarNews.kg