www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенден Москвага "Агроэкспресс" поезди ноябрдын ортосунан тарта жүрө баштайт. Бул тууралуу Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков билдирет. Анын айтымында, алгачкы поезд Өзбекстандан Москвага түрдүү жашылча-жемиш жеткирет.

Умурзаков бул долбоорго Казакстан да кошулганын, алгач айыл-чарба азыктары Казакстанга жиберилип, андан ары Орусияга жөнөтүлө турарын белгиледи. Министрдин айтымында, мындай система азык-түлүктүн Орусияга тез жана оңой жеткирилишин камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө "Агроэкспресс" Москвадан Ташкенге буудай, ун жана эт азыктарын жеткирүүдө. Сентябрдын аягында Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги "Агроэкспресс" долбоору ноябрда сыноо иретинде башталып, декабрда толук түрдө ишин баштай турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости