www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Human Rights Watch эл аралык уюму “Ислам мамлекети” террордук уюму Ооганстандагы шийи азчылыгына каршы жасаган чабуулдарын адамзатка каршы кылмыш деп сыпаттаса болоорун билдирди. Ооган жергесиндеги акыркы кандуу кол салуулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети-Хорасан” уюму өзүнө алган.

Ай башында Кундуз жана Кандагар шаарларындагы мечиттерде хазар азчылыгын бутага алган жардырууларда 150дөн ашык киши жан берген. Террордук топко кирген жан кечти 29-августта Кабул аэропортунда бомба жардырганда 170 адам, алардын көбү карапайым оогандар каза тапкан.

Human Rights Watch уюмунун Азия боюнча директору Патриция Госсмандын айтымында, “Ислам мамлекети-Хорасан” куралдуу тобунун көптөгөн кол салуулары хазар азчылыгынын өкүлдөрүн бутага алган жана ала аракеттер алардын азап чегүүлөрүнө алып келген. Мындай аракеттерди адамзатка каршы кылмыш катары мүнөздөсө болот жана анын артында турган адамдарды жоопко тартыш керек.

Хазарлар Ооганстандагы үчүнчү этникалык топ. Алар көптөн бери суннилер үстөмдүк кылган өлкөдө дискриминацияга туш болуп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости