www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 25-октябрда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароо уланды. Бул жолу адвокаттардын эки өтүнүчү каралды. Бири - соттук ишти 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодон кийин кароо өтүнүчү.
Жактоочу Замир Жоошевдин "Азаттыкка" билдиришинче, буга айыпталып жаткандардын ичинен төрт киши парламенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергени себеп. Алардын ичинен Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен шайлоого катышат. Канат Сагымбаев жана Равшан Жээнбеков бир мандаттуу чөлкөмдөрдөн катышуу үчүн арыз тапшырган.
"Иш боюнча айыпталып жаткандардын төртөө Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп, шайлоого катышып жатат. Шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамга ылайык, депутат болом деген талапкерди кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт. Шайлоо комиссиясы шайлоо жыйынтыгы тууралуу маалымат каражаттарынан айтмайынча, бири дагы айыпталып, сотко кел деп милдеттендирилбеш керек. Шайлоо өнөктүгү учурунда алар өзүнүн укуктарын ишке ашыра алышы кажет. Ошондуктан "28-ноябрга чейин соттук отурумдарды дайындабай туруңуз" деп соттон өтүндүк", - деди Жоошев.
Мындан сырткары, айыпталуучу Равшан Жээнбековдун ден соолугуна байланыштуу чет өлкөдөн дарыланып келишине уруксат берүү өтүнүчү да айтылды. Сот Азирет Медетов Жээнбековго диагноз койгон дарыгерди уккандан соң чечим чыгара турганын билдирди. Судья бул эки өтүнүч боюнча 27-октябрдагы отурумда чечим чыгармай болду.
2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.
Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы депутат Равшан Жээнбеков абакта отурат. 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин бошотулган Жээнбеков ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган. Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага да айып коюлган.
Алмазбек Атамбаевге "Батукаевдин иши", Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салуудагы коррупция, Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз менчик кылып алуу боюнча кылмыш иштери козголгон. Акыркы үч кылмыш иши “Кой-Таш окуясы” деген бир кылмыш ишине бириктирилген.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.
Булак: NazarNews.kg