www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматы шаары

Казакстандын Алматы шаары төрт айдан кийин "кызыл зонадан" чыкты. Бул - калаада коронавирус инфекциясына байланышкан эпидемиялык кырдаал жакшырды дегенди билдирет. Баш калаа Нур-Султан менен дагы 4 облус "кызыл зонадан" азырынча чыга элек.

Соңку жумада Алматыда суткасына COVID-19 илдетине чалдыккан 300дөй киши катталып турду. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги “сары зонага” өткөндөн кийин карантиндик чараларды эки жумадан кийин гана жумшартса болоорун эскертти.

Пандемия башталган былтыркы марттан бери кошуна өлкөдө COVID-19дун учурлары 930 миңден ашты. 23-октябрда коронавирустан 20 бейтап, өпкө сезгенүүсүнөн (пневмония) 4 киши өлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы күндөрдө илдеттин жайылуусу басаңдады. 19 миллион калкы бар өлкөдө вакцинанын биринчи дозасын 8,1 миллион киши алган, 7,3 миллион адам толук эмделди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости