www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Талибан” кыймылын террордук уюмдар тизмесинен чыгаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирүүсүн кубаттайт. Бул тууралуу Ооганстан ТИМинин басма сөз катчысы Абдул Кахар Балхи билдирди.
21-октябрда Путин “Валдай” форумунда сүйлөп жатып, “Талибан” кыймылы террордук уюмдар тизмесинен чыгарылышы мүмкүн экенин айткан. Анда Путин мындай чечим БУУнун деңгээлинде кабыл алынышы керек экенин билдирген.
"Ооганстандын ТИМи Путиндин “Талибан” лидерлеринин ысымдарын кара тизмеден чыгаруу боюнча билдирүүсүн кубаттайт. Согуш аяктагандан кийин дүйнө өлкөлөрү да Ооганстанга болгон мамилесинде оң өзгөрүүлөрдү жасаш керек", - деп жазды Абдул Кахар Балхи өзүнүн Твиттеринде.
Анын айтымында, “Талибан” эл аралык коомчулук менен өз-ара принципке негизделген позитивдүү мамилелерди күтөт.
Булак: NazarNews.kg