www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия Беларустан өтүп келген мигранттардын агымын тескөө үчүн Польша менен чек арасына кошумча аскерлерди жайгаштырды. Немис ички иштер министри Хорст Зихофер 24-октябрда жергиликтүү гезитке берген интервьюсунда аймакка 800 полиция кызматкери жөнөтүлгөнүн, керек болсо алар күчтөндүрүлөөрүн да билдирген. Чек арада алар мигранттардын жолун тороого аракеттенген 50 чакты ашынган улутчул активистти кууп таркатты.

Еврошаркет жана расмий Берлин Александр Лукашенконун режимин санкцияларга жооп иретинде "мигранттардын Европага өтүп келишин уюштурууда" деп айыптап келет. Лукашенко соңку маектеринин биринде мигранттар өз каалоосу менен Европага кетип жатканын айткан.

Немис бийлигинин маалыматына караганда, соңку 3 айда Польша жана Беларус аркылуу агылган мыйзамсыз мигранттардын саны 5 миңге чукулдады. Алардын көбү Йемен, Ирак, Сирия жана Ирандын жарандары.

АКШ жана Еврошаркет былтыркы президенттик шайлоонун бурмаланышы, андан кийинки куугунтукка байланыштуу Минскиге каршы жаңы санкцияларды киргизген.

Блуак: NazarNews.kg

Последние новости