www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында дарыгер менен төрт медайым коронавируска каршы вакцина алынганы тууралуу жасалма сертификат берген деп шектелип кармалды. Тергөө комитетинин 23-октябрдагы билдирүүсүнө караганда, бешөө Павлов атындагы мамлекеттик медициналык университеттин медициналык клиникасында иштейт. Алар пайдаланылбай калган вакциналарды жок кылып жатып, адамдарга эмдөө тууралуу кагаз жана онлайн күбөлүк берген деп айыпталууда.

Расмий маалыматка караганда, медицина кызматкерлери 100 миң рублдан ашык акча алган (1425 доллар) деп болжолдонгон 12 иш иликтенип жатат. Эгер күнөөсү далилденсе, медиктер 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.


Орусияда соңку суткада 35 660 киши коронавирус илдетине кабылганы аныкталды. Оору жугузуп алган 1072 киши каза болду.  Өткөн аптадагы маалыматка караганда, 146 миллион калктын 29% гана толук эмделди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости