www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган 10 мамлекеттин элчилерин өлкөдөн чыгарып жиберүүнү тапшырганын РИА Новости жазат. Эрдоган мындай билдирүүнү Эскишехир шаарында сүйлөп жатып жасаган: "Мен тышкы иштер министрине бул элчилерди «персона нон-грата» деп жарыялоо үчүн тез арада чара көрүүнү тапшырдым", — деген ал.

Буга чейин Канада, Франция, Финляндия, Дания, Германия, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Норвегия, Швеция жана АКШ мамлекеттеринин элчилери түрк бийлигин - укук коргоочу Осман Каваланы бошотууга чакырган.

Түркиянын ТИМи бул өлкөлөрдүн элчилеринин айткандарын тастыктап, дипломатиялык мамилелер боюнча Вена конвенциясын сактоо зарылдыгын эскерткен. Бирок азырынча аттары аталган 10 элчинин бири да «персона нон-грата» деп жарыялана элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости