www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Фридрих Энгельс “Эмгек адамды жараткан” –деген китебинде адамдар маймылдан жаралган, эмгек ушул даражага жеткизген деп кан-какшап тактап жазган. Улуттук университеттин тарых факультетин марксизм-ленинизм идеяларына терең сугарылып окуган Аскар Мааткабылович “Эмгек” адамды элден бөлүп олигарх кылып жаратканын далилдеди. Салымбеков эмгектенди, “Эмгек” партиясын түздү, коронавирус башталганда Кытайга 50 миң маска берди, Салымбековдор династиясын курду. Кыргызстанда үч мульти-миллионер болсо, Атамбаев менен Бабанов саясат менен алпурушуп, ошол жактан гүлдөштү, саясат алардын тамырын да кыркты. Салымбеков саясатка жутунган жок. Акаев президент кезинде Нарын облусуна губернатор болду, дагы чоңойтобуз “Дордойуңду” бер десе, ичинен сөгүп кетип калды. Бакиевдин убагында Бишкекке мэр болду, баягы эле кеп болду. Атамбаевдин убагында “Дордойго” көз артуу болду, бербей койду эле Бажы биримдигине кирип “Хоргос” базарына жол ачып берип, “Дордойду” бутунан чалды. Салымбеков “Бүтүн Кыргызстан” менен биригип чыкты эле Адахам Мадумаров экөөнү тең былтыйта чапты. Эми ансыз деле саясаттан оолак карманган Салымбеков саясатты көргөндө үркүнчөк жылкыдай үркүп кетет. Ошондуктан, ал жакка бала-бакыраларын гана аралаштырат. Саясат деген бирде алаканда, бирде камакта, бизнесин буудайдай чачып шүмшүк кылат. Эмнеси болсо да жүз миңдеген адамды “Дордойу”, “Эмгеги” менен иштетип жан бактырган Салымбековго рахмат!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости