www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу боюнча жаңы токтом кабыл алды.

Жаңы чечимге ылайык, 25-майдан 30-сентябрга чейин мамлекет бензин, дизель жана суюлтулган газ импортун субсидиялайт. Бийлик бул кадам күйүүчү май тартыштыгын алдын алып, баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө үчүн жасалып жатканын билдирди.

Ошондой эле импорттолгон күйүүчү майга туруктуу баалар бекитилип, базар баасы менен айырманы мамлекет төлөп берет.

Мындан тышкары:
• бензин жана дизель боюнча акциздик төлөмдөрдү кечиктирип төлөөгө уруксат берилет;
• күйүүчү майдын чекене баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилет;
• мунай продукцияларын автоунаа менен алып кирүүгө болгон айрым чектөөлөр алынат.

Бийлик бул чаралар өлкөдөгү күйүүчү май рыногун туруктуу кармап, бизнес менен жарандарга жеңилдик түзөрүн айтууда.

 

 

 

Последние новости