www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев 2026-жылдын 25-майында Москва шаарындагы Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгүндө Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандары Россиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгектенген жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүн миграциялык каттоого коюу, жашы жете элек балдарды Москва шаарындагы жалпы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу жана башка актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Жарандардын кайрылуулары боюнча министр К. Сагынбаев тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берип, көтөрүлгөн маселелерди ыкчам кароо боюнча Өкүлчүлүктүн жетекчилигине тиешелүү тапшырмаларды берди.