www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде “Мөмөлөр жана жемиштер” айыл чарба кластери менен биргеликте Россия Федерациясынын Жемиштер союзунун жана “Фрагария” компаниялар тобунун өкүлдөрү катышкан жолугушуу өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.

Иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан мөмө-жемиш багытында иш алып барган дыйкан-фермерлер, питомник өкүлдөрү, экспорттоочулар жана тармак адистери офлайн жана видеоконференция форматында катышты.

Жолугушууда “Фрагария” компаниясынын өкүлдөрү өз ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, заманбап технологиялар, көчөт өстүрүү, мөмө-жемиш өндүрүү жана экспорттоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.

Ошондой эле тамчылатып сугаруу технологиялары боюнча атайын презентациялар көрсөтүлдү.

Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Иш-чаранын алкагында фермерлер менен компания өкүлдөрү байланыш маалыматтары менен алмашып, биргелешкен иштер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар тармакка байланыштуу кызыктырган суроолоруна жооп алып, пайдалуу маалыматтарга ээ болушту.

Иш-чаранын жыйынтыгында мындай жолугушуулар агрардык сектордогу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаңы технологияларды жайылтууга жана ата мекендик фермерлердин тажрыйбасын жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Последние новости