www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова "Нур-Кубат"пилоттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.
«Бул социалдык мааниге ээ долбоор пилоттук режимде Жайыл жана Чүй райондорунда ишке ашырылууда. “Уй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн батареялары 2023-жылдын 28-декабрында толук орнотулуп бүтүп, байкоо иштери жүрүүдө. Ашыкча өндүрүлгөн электр энергиясы мамлекет тарабынан сатылып алынып, үй-бүлөлөргө кошумча каражат болуп бөлүнөт», - деди ал.
Гүлнара Баатырова, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгы менен социалдык маанилүү товарлардын кымбатташынын шартында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында электр энергиясына болгон тариф 40%га арзандатылганын эске салды (1 кВт саат үчүн 50,0 тыйынга чейин).
Булак:NazarNews.kg