www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Массалык башаламандыкка чакырык жасоо ишине шектелип кармалган 11 журналисттин баш коргоо чарасы тандалганын Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Соттун чечими менен 11 журналист, медиа кызматкерлер күнөөлүү деп табылып, эки айга, тагыраагы, 2024-жылдын 13-мартына чейин камалышкан.
Эске салсак, ЖМКнын 11 өкүлү кечээ, 16-январда ИИМге алып келинип, андан соң 48 саатка камалган. ИИМдин кызматкерлери эртең менен алардын үйүн тинтип, суракка алып кеткен. Кармалган журналисттерге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандыктар") 3-бөлүмү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылууда.
Булак:NazarNews.kg