www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз өкмөтү Кореянын экспорттук-импорттук банкынан 27 миллион доллар кредит алып жатат. Аталган макулдашуу Жогорку Кеңеште экинчи окууда ратификацияланды.
Каражат Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасын жакшыртууга жумшалат. Тагыраагы, учурда иштеп жаткан оорукананы кеңейтүү, заманбап медициналык жабдыктар менен жабдуу каралган. Ошондой эле медиктерди жаңы жабдууларды пайдаланууга үйрөтүү, маалымат системасын түзүү, бейтаптарга көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу, оорукана ичиндеги инфекцияларга өз учурунда алдын алуу чараларын көрүү пландалган.
Келишимдин шарттарына ылайык, корей вону менен 27 миллион доллар эквивалентинен ашпаган өлчөмдө насыя берилет. Аны төлөө мөөнөтү — 40 жыл, жеңилдетилген мезгили — 10 жыл, үстөк коюму 0,1 пайыз жана тейлөө үчүн комиссия ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1 пайыз болмокчу.
Булак:NazarNews.kg