www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соцтармакта Samara Academy аркылуу Германияга барган кыргызстандык студенттер турак жайсыз жана жумушсуз калганы тууралуу маалымат тараган.

Министрликтин маалыматына ылайык, 20-июлда иш берүүчү өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу Кыргызстандын 130 жараны менен келишимди мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Бул чечим кыргызстандыктардын кандайдыр бир мыйзам бузганына байланыштуу эмес

Эмгек келишимдери 28 күндөн 90 күнгө чейин түзүлгөн. Ага ылайык, иш берүүчү келишимдин мөөнөтүн 28 күнгө чейин кыскартууга укуктуу болгон. Ошондуктан келишимдин шарттары бузулду деген маалымат тастыкталган жок

Учурда 130 жарандын 50сү башка компанияларга жумушка орноштурулду. Калган жарандар Германиянын Бремен шаарында болуп, алар үчүн жаңы жумуш издөө иштери уланууда. Бул маселени компания, германиялык иш берүүчү, дипломаттар жана тиешелүү тараптар биргелешип чечип жатышат.

 

Последние новости