www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Нарын облусуна жумушчу сапар менен барды. Сапардын алкагында министр Нарын облусундагы министрликтин аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү, ошондой эле жаңы мамлекеттик ай сайынкы жөлөкпул — «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» (БТК) жөлөкпулуна арыздарды кабыл алуу жана дайындоо процесси менен таанышууда.

Жумушчу сапардын биринчи күнүндө Канат Сагынбаев Кочкор районуна барып, Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын иши менен таанышты. Министр бийик тоолуу айылдардын жашоочуларына ай сайынкы жөлөкпулду дайындоого тартылган кызматкерлер менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, жарандар арыз берүүдө жана төлөмдөрдү тариздөөдө туш болуп жаткан маселелерди жана мүмкүн болгон кыйынчылыктарды жеринде изилдеди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрге жөлөкпулдун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, 930 жаранга БТК боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү каралган.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Калкты тейлөө борборлору (КТБ) менен тыгыз өз ара аракеттенүүсүн жолго коюу маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана ыкчамдуулугун камсыздоого багытталган.

Жумушчу сапардын жыйынтыгында социалдык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана жер-жерлерде келип чыккан маселелерди өз убагында чечүүгө багытталган кошумча чараларды иштеп чыгуу пландалууда.

Последние новости