www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкемдин сылыктык сапарынын алкагында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кылымдардан берки достук мамилелер, эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле курулуш тармагындагы тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев түрк компанияларынын Кыргызстандын курулуш тармагын өнүктүрүүдөгү салымын белгилеп, кыргыз тарап турак жай жана инфраструктуралык курулушту, ошондой эле жогорку сейсмикалык активдүүлүктү эске алуу менен объектилерди сейсмикалык жактан туруктуу долбоорлоо жана куруу багытында кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Түркия Республикасынын элчиси түрк тарап эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү чыңдоого, ошондой эле эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору менен ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да тереңдетүүгө ишеним артып, кызыкчылык жараткан маселелер боюнча жумушчу байланыштарды улантууга макулдашты.

Последние новости