www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу Арзыбек Кожошев Индия Респуликасында өткөн «Индия энергетикалык жумалыгы – 2026» (IEW-2026) эл аралык форумунун алкагында уюштурулган«Энергетикалык ажырымды кыскартуу: социалдык прогрессти жана бардык адамдар үчүн энергияга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү» аттуу министрлер панелдик сессиясында билдирди.
Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык бирлигинде бардык мүчө мамлекеттердин ишенимдүү энергия булактарына тең жана басмырлоосуз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле ар бир мамлекеттин жана Бирлигинин жалпы энергетикалык коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
«Эң рационалдуу механизм катары биз жалпы энергетика ресурстардын рынокторун ишке киргизүүнү көрүп жатабыз. Атап айтканда, бирдиктүү электр энергия рыногун түзүү биздин мамлекеттерге учурдагы тоскоолдуктарды жеңүүгө, электр энергиясынын ашыкча көлөмдөрү менен алмашууга жана анын жетишсиздигин жабууга мүмкүнчүлүк берет», — деп белгиледи.
Ошондой эле ал ЕАЭБдин энергетикалык моделин калыптандыруунун принциптери жана аны трансформациялоо, ошондой эле дүйнөлүк энергетикалык балансты түзүүдөгү негизги тенденциялар тууралуу маалыматты айтты.
«ЕАЭБдеги энергетикалык трансформация — бул бир энергия булагын башкасына жөн гана алмаштыруу эмес. Бул өнөр жайды, экологияны, социалдык чөйрөнү жана илимди камтыган татаал стратегия. Биздин артыкчылыгыбыз — салттуу жана кайра жаралуучу энергия булактары бири-бири менен атаандашпай, тескерисинче, бири-бирин толуктаган тең салмактуу энергетикалык платформаны түзүү», белгиленди.
Маалымат үчүн: Индия энергетикалык жумалыгы Индия Республикасынын Мунай жана жаратылыш газ министрлигинин колдоосу менен Индия Республикасынын мунай өнөр жай федерациясы(FIPI) тарабынан төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Бул форум саясий ишмерлерди, бизнес лидерлерди жана инвесторлорду бир аянтчага чогултуп, коопсуз, туруктуу жана жеткиликтүү энергетикалык келечекти түзүү боюнча прагматикалык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган. Форумдун алкагында углеводороддор, кайра жаралуучу энергия булактары, суутек, биотүтүн (биоотун) жана жасалма интеллект тармагындагы алдыңкы технологиялардын үлгүлөрү сунушталды.