www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте "Жетиген" мектебинде болуп, мекемеде түзүлгөн шарттар менен таанышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө шаар мэри мектептин ашканасында окуучулар үчүн даярдалган тамак-аштын сапатсыз даярдалгандыгына байланыштуу нааразычылыгын билдирип, жооптуу тараптарга тиешелүү чараларды көрүү керектигин айтты.

Мындан тышкары, шаар мэри аталган билим берүү мекемесинин аймагындагы коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри билим берүү мекемелеринин аймагындагы жерлерди коргоо, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча иштер күчөтүлөрүн билдирген.

Последние новости