www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башылыктар атка гана камчы салбайт, министрликке да камчы салып жиберишет. Кудайберген Базарбаев 2012 жылы маданият министринин орун басары болор менен кыргыздын тарыхий баалуулуктарын ЮНЕСКОдон өткөзүп жүргөн Карганбек Самаковго колдоо көрсөтүп келген. 2013 жылдан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп жетим –жесирлерге жөлөк пулдун тыйынын көбөйтүп, “Кумтөр” маселеси боюнча ошол кездеги бийликке каршы болсо да иштеп келген. Акыры бийликке каршы, элди колдогону үчүн 2016-жылы  “Кумтөр” маселесинен улам министрликтен кеткен.

 Жогорку Кеңештин депутаттары эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованын талапкерлигин колдогон жок. Жыйынга катышкан 60 депутаттын 34 «макул» деп добуш беришти.

Исмаилованы министрлик кызматка бекитүү үчүн кеминде 50 депутаттын макулдугу каралмак. Исмаилованын дарегине көпчүлүк депутаттар сын айтып, коронавирус эпидемиясы күчөп, адамдар өлүп жаткан учурда вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп, парламенттик шайлоого аттанганына нааразы болушту. Кудайберген Базарбаев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болот деген имиш эл аралай баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости