www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мекемелик бөлүмдөрүнүн жоболору бекитилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Аталган чечим аткаруу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана «Министрлер кабинети жөнүндөгү» конституциялык мыйзамдын 13чү жана 17-беренелерине ылайык, Министрлер кабинети төмөнкүлөрдү бекитүү чечимин кабыл алды:

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызматы жөнүндөгү жобо;

- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти жөнүндөгү жобо.

Буга катар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаменти Социалдык камсыз кылуу департаментинин укугун улантуучу болуп санала тургандыгы белгиленди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өз чечимдерин бул токтомго ылайык келтирүүсү тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости