www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлиги социалдык тармактын кыргыз сегментинде жана WhatsApp чаттарда таркап жаткан "өлкөдө инфекцияны учак менен абага чачып жатышат" деген билдирүүнү төгүндөдү.

"Күндүн ультракызгылт нурлары вирусту өлтүрөт, ушундан улам коронавирус инфекциясын чачып жатышат деген кабар жалган. Вирус жуккан адам өзүнөн бир метр аралыктагы кишиге чүчкүрсө же жөтөлсө, ал аба аркылуу жугат. Бөлмөнү желдетпөө, тазалыкты сактабоо да вирустун көбөйүшүн шарттайт", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Расмий маалыматка таянсак, соңку бир күндүн ичинде коронавирус 586 адамга жугуп, бир бейтап каза болду. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 188 206га жетип, 28 267 адам кайтыш болду.

Эске салсак, 12-январда Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө вирустун "омикрон" штаммын жуктургандар каттала баштаганын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости