www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 56 компаниядан каражат которулганын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-апрелге карата атайын эсепке 13 миллион 513 миң 152 сом түшкөн. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигине 125 миллион 24 миң 605 сом которулган.

Белгилей кетсек, буга чейин депутаттар коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке түшкөн каражаттарды ачык, айкын көрсөтүү керектигин айтышкан.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу эки эсеп иштеп жатканын билдирген. Биринчиси Саламаттыкты сактоо министрлигине, экинчиси Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жардамдар түшөт. Ал жерден түзүлгөн комиссия каражаттарды бөлүштүрөт.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости