www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Мыйзам долбоору менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов тааныштырып, ал кызматкерлер үчүн дени сак жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү, өндүрүштөгү кырсыктарды жана кесиптик оорулардын алдын алуу, ошондой эле ишканалардын жана мамлекеттик деңгээлде эмгекти коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыкканын билдирди.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоору менен сунушталган ченемдерди Эмгек кодексинин жоболоруна ылайык келтирүү зарылдыгын белгиледи. Депутат Камила Талиева ушул эле максатта тиешелүү мыйзам алдындагы актыларды кайра карап чыгууга чакырып, жогорудагы мыйзам долбоору боюнча да парламенттик угууларды өткөрүүнү сунуштады.
Депутат Улукбек Карыбек уулу мыйзам долбоорунда белгиленген кесиптик тобокелчиликтерди баалоо механизмдерин тактап, аралыктан иштеген кызматкерлердин эмгегин коргоого байланышкан суроолорду узатты. Депутат Гүлшаркан Култаева эмгек өргүүсүн колдонуу боюнча айрым жагдайларды белгилесе, депутат Токтобүбү Ашымбаева кесиптик стандарттарды жеке секторлордо ишке ашыруу жол-жобосуна кызыкты.
Депутат Айсаракан Абдибаева мыйзам долбоорунда анын аткарылышын көзөмөлдөгөн жооптуу органдар так белгилениши керектигин билдирсе, депутат Медербек Алиев жогорку жаш курактагы жана өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн жумуш убактысын кыскартууну сунуштады. Ал эми депутат Бурун Аманова кызматкер менен иш берүүчүнүн ортосундагы эмгек келишимдерине тиешелүү айрым жагдайларды тактады.
Депутат Эльвира Сурабалдиева электрондук эмгек китепчесин колдонуу тартибине кызыкса, депутат Дастан Бекешев курулуш жана тазалык тармагындагы кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылууну күчөтүүгө чакырды.
Жыйында мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.
Маалымат менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Кубанычбек Самаков тааныштырды.
Анда төмөнкү мыйзамдардын күчүн жоготту деп табуу сунушталууда: 1) республикалык бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитүү тууралуу, бул мыйзамдардын колдонуу мөөнөтү чектелүү жана бүгүнкү күнгө тиешеси жок; 2) мунапыс жөнүндө, бул мыйзамдар өз милдеттерин аткарган;