www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева кызматтык автоунаасынан айдоочусу эшик ачып бергенден кийин гана түшкөн видеосу талкуу жараткан. 

Бул боюнча министр түшүндүрмө берди.

"Урматтуу достор! Азыр Фейсбукта “эшик ачуу” боюнча жүрүп жаткан талкууга так жооп берүүнү чечтим. Кечээ бир күндө 3 билим берүү мекемелеринин ачылышына катыштым. Алар Ош шаарында жана Өзгөндө бала бакча жана спорт залы. Машинадагы окуя боюнча: машинадан түшүп жатканымда ичинен ачылбай калгандыктан, айдоочу шашып түшүп, блоктолгон эшикти ачты. Мен муну текебердик эмес, мага жардам бергени катары кабыл алып, ыраазылык билдирдим. Өзүм деле сумка көтөртүп, эшик ачтырганды жаман көрөм. Ушунча маани берип убакыт бөлгөнүңүздөргө ыраазылык билдирем".

Последние новости