www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө лицензия берилбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, оң рулдуу унаалар менен коммерциялык негизде жүргүнчү жана жүк ташууга тыюу салынат. Бул норма такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо киргизилгенге чейин эле колдонулуп келген.

"Бул чечим жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу жана жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатуу максатында кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, акыркы 10 жыл ичинде рулдук башкаруусу оң тарабында жайгашкан транспорт каражаттарынын катышуусунда 21 159 жол-транспорт кырсыгы катталган. Анын натыйжасында 34 656 жаран жаракат алып, 2 366 жаран каза болгон. Бул кырсыктардын 60 пайызы оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын күнөөсү менен болгон.

Последние новости