www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыктарды жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январда милицияга С. А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Хоргос – Москва – Белгород багыты боюнча жүк жеткирүү шылтоосу менен ишенимге кирип 4 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алган кишиге чара көрүүнү суранган..

Анткени акча каражатын алган адам макулдашылган багытты атайылап бузуп, “Дунларова” чек ара посту аркылуу Кыргызстанга кирип, 4 унааны өз каалагандай пайдаланып, алынган акча каражаттарын жеке муктаждыктарына жумшаган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Натыйжада, кылмышка шектүү катары 37 жаштагы жаран кармалып, Свердлов райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камакка алынды.

Белгиленгендей, ал сатууга үлгүрбөй калган дагы 4 унаа шектүүнүн колунан табылып, алынган. Учурда аталган унаалар айып короосуна токтотулду. Ошондой эле анын башка ушул сыяктуу алдамчылык фактыларына тиешеси бар экени аныкталды.

Учурда кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Милиция кимде-ким аталган жарандын аракеттеринен жабыркаган болсо же маанилүү маалыматка ээ болсо, төмөнкү байланыш номерлерине билдирүүнү суранат: (703) 35-15-65, (505) 919-149 жана милиция кызматынын 102 номери.

Последние новости