www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын беш провинциясында 3 жаштан 11 жашка чейинки балдарды коронавируска каршы эмдей баштайт. Бул тууралуу АР агенттики жазды. Мекеменин маалыматына ылайык, аталган облустардын администрациялары жана мэриялар эмдөө бул курактагы балдарга милдеттүү болоорун эскерте баштаган.
Кытайда, расмий маалыматтар боюнча, калктын 76% эмдөөдөн өткөн, бирок бийлик коронавируска нөлдүк сабырдуулук саясатын карманат. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдө бир суткада 35 жаңы коронавирус инфекциясы аныкталат.
Жайында КЭР өкмөтү үч жаштан улуу балдарды Sinopharm жана Sinovac вакциналары менен эмдөөгө уруксат берген, бирок ушул убакка чейин өлкөдө 12 жана андан улуу жаштагы балдар гана эмделген, ал эми Камбоджа менен Чилиде бул дарылар алты жашка чейинки балдарга да колдонулган.
Булак: NazarNews.kg