www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын мурдагы президенти, СССР менен дипломатиялык мамилелерди орноткон Ро Дэ У 88 жашында каза болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирет. Маалым болгондой, ал өлкөнү 1988-1993-жылдары башкарган.

Ро Дэ Ву 1932-жылы 4-декабрда Тэгу шаарында туулган. Аскердик билим алып, армияда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Мурдагы президент Чунг Ду Хвандын мураскери катары Ро Дэ У премьер-министрлик деңгээлде эки Корея ортосунда диалогду түзүп, 1992-жылдын башында КЭДР менен кол салбоо, элдешүү, алмашуу жана кызматташуу келишими күчүнө кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости