www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев бийликте турганда наркотик көзөмөлдөө кызматтын жетекчиси, анын канкудасы Алымбай Султанов болгон. Ал Жээнбековдун карачечекей кайнатасы. Султанов наркотик көзөмөлдөө кызматын 2012-жылдан баштап жетектеген.

2016-жылы өкмөт башына келген Сооронбай Жээнбеков Наркозат көзөмөлдөө кызматында жагдайды иликтеп агенттиктин жетекчиси Алымбай Султановдун өзүн сынга алган да жана ишин канааттандыраалык эмес деп баалап, кызматтан кетирген. Алымбай Султанов болсо аталган кызматтагы абал боюнча өз түшүндүрмөсүн айткан.

Ал орун басарларын жана айрым бөлүм башчыларын кызматын эптей албай жатат деп айыптаган жана ага каршы жазылган дооматтар менен арыздарды негизсиз деп билдирген. Бул кызматта анын орун басарынын бири айтылуу «Каттанинин» иниси.

Алымбай-ака «Каттанинин» инисин өзүнө орун басар кылып алган. Болот Суваналиевди иш боюнча жакындан тааныгандар, бирок атын атагысы келбей, микрофонго сүйлөп берүүнү каалабагандар ага кызматкерлерди негизсиз басынткан, орой мамиле жасаган, текебер жетекчи деп мүнөздөмө берет.

Наркозат көзөмөлдөө кызматынын ичиндеги чатак аталган кызматтын өзү тууралуу талаш-талкууну жаратты. Курманбек Бакиевдин тушунда бул кызмат жоюлуп кеткен жана апрель ыңкылабынан кийин кайра түзүлгөнле. Кыргызстанда маңзат менен бир канча орган күрөшөт.

Расмий статистика боюнча, милиция кылмыштын 80дей пайызынын бетин ачат жана эң көп өлчөмдөгү наркозатты колго түшүрөт. ИИМ менен Наркозатты көзөмөлдөө кызматы чогуу иштемек түгүл, өз ара тымызын тирешип келгени да коомчулукка жашыруун деле эмес.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости