www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Tecos GmbH" компаниясы айымдарды зордуктоодон коргой турган чолок шымдарды чыгара баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, Сандра Сэилз аттуу айым кыздарды сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерден жана зордуктоодон коргой турган кыска чолок шымдарды ойлоп тапкан. Анын айтымында, 15 жыл мурун аны 3 адам зордуктоого аракет кылган. Мындан улам ал айымдарды коргой турган атайын кыска спорттук чолок шымдарды ойлоп таап, аны жогоруда аталган компаниянын жардамы менен ишке ашырган.
Чолок шымдар атайын катуу кездемеден жасалган. Аны тытып же кесип салууга көп убакыт жана күч керек. Ошондой эле чолок шымда кичинекей кулпу бар, ал сыр сандарды жазганда гана ачылат. Эгерде кимдир бирөө ал кулпуну жулганга аракет кылса, атайын орнотулган сигнализация иштеп, жардамга чакырган үн чыга баштайт. Компаниянын кызматкерлеринин айтымында, бул чолок шымдар коопсуздукту сактоого 100 пайыз кепилдик бербесе да, бир топ эле жардам берет. Алардын баасы 89 евродон жогору турат.
Башында чолок шымдар Чехияда чыгарыла баштаган, бирок суроо-талап Индияда көп болгонуна байланыштуу товар өндүрүүчү ишкана ошол жакка көчүп кеткен.
Булак: NazarNews.kg