www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги даярдаган «Билим берүү жөнүндө мыйзам долбоорунда ректорлорду бийлик тарабынан дайындоо сунуш кылынган.

Бул негизинен туура. Биз өткөндө 15 жылдан бери ректорлуктан түшпөй жердештерин жыйып алып, кайра-кайра шайлана берип, Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин коррупцияга шектентип жиберген ректор Акымбек Абдыкалыков жөнүндө жазбадык беле?

Жаат курап шайланып алып, университетти ичтен иритип, ректорлук креслону "жоор" кылган мындай ректорлор көп, аларды ооздуктаган, чара көргөн да киши жок. Министрдин болсо ыйгарым укуктары чектелүү. Бир нерсе десе суурдун айгырындай болгон ректорлор "шайлангам" деп ОшМУнун ректоруна окшоп, тарапташтарын көтөрүп көчөгө алып чыгат экен. А

ндан көрө дайындоо болсо, жоопкерчилик күчөп, сулуу тору аттай болуп жасанып, дүкөн кыдыргандан башканы билбеген ректорлор чачын тараганга да убактысы болбой, баш көтөрбөй иштеп калышмак.

Булак: Азия News гезити

Последние новости