www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хьюман Райтс Вотч (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Ташкентти Өзбекстандын өкүлү БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин төрага орун басары болуп шайланганына мактанбай, чыныгы реформаларды жасоого чакырды.

“Өзбекстан өкүлүнүн бул кызматка дайындалышы чынында Борбор Азиядагы авторитардык мамлекет өлкөнүн ичинде же сыртында адам укуктарын сактап жатат дегенди билдирбейт”, - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон.

Быйыл январда Өзбекстан 2021-жылдан 2023-жылга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешинин толук кандуу мүчөсү болуп шайланган. Бул кеңеш 47 өлкөнүн өкүлүнөн турат жана дүйнө жүзү боюнча адам укуктарын корголушу үчүн жооп берет.

Уильямсон 2016-жылдан бери Өзбекстанда адам укуктарына жана демократияга байланышкан абал кыйла жакшырганы менен өлкөдө дале болсо олуттуу көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Мисал катары ал Өзбекстан азырынча БУУнун бардык атайын баяндамачыларына ачык чакыруу жөнөтө электигин айтты.

“Ташкент ошондой эле БУУ эксперттеринин сунуштарын аткарууга умтулушу керек. Өзбек тарап ушул айда дин тууралуу мыйзамды кайрадан карап чыгуу тууралуу БУУ кеңешинин беш экспертинин сунушун четке какты. Ташкент мындан тышкары бейөкмөт уюмдарды каттоо үчүн түзүлгөн тоскоолдуктарды жоюшу зарыл”, - деди Уильямсон.

Ал Өзбекстан ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине берген убадаларын аткарбай жатканын белгиледи. Ташкент быйыл күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча добуш берген эмес. Мындан тышкары Ташкенттин өкүлү Шри-Ланка, Иран жана Йемен өлкөлөрүндөгү адам укуктарына байланышкан абалга натыйжалуу мониторинг кылууну камсыздоого багытталган маанилүү сунуштарга каршы болгон.

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин вице-президенти Кеңештин негизги принциптерин коргоп, аларды алдыга жылдыруусу керек. Уильямсондун айтымында, Ташкент өз өкүлү Улугбек Лапасовдун Кеңештин төрага орун басары болгонун майрамдоодон мурда эл аралык деңгээлде адам укуктары үчүн күрөшүү убадасын аткара башташы зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости