www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билл Гейтс пандемия качан бүтөөрүн айтты

Коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болушуна жана вакцинациянын жетишсиз көрсөткүчтөрүнө карабастан, COVID-19 пандемиясынын курч фазасы келерки жылдын башында аякташы мүмкүн. Мындай пикирин Microsoftтун негиздөөчүсү Билл Гейтс өзүнүн жеке блогунда жазган.

Ал «дельтанын» мындай жугуштуу варианты пайда болот деп күтпөгөнүн жана элди эмдөөдөн өтүүгө жана беткапты узун убакыт кийүүгө мажбур болоорун күтпөгөнүн мойнуна алды.

"Бирок, аягы алыс эмес деп үмүттөнөм. Дагы бир божомол айтуу акылсыздык болот, бирок менимче, пандемиянын курч фазасы 2022-жылы аяктайт", - деп жазган ал.

Гейтс ошондой эле, Омикрон штаммы тынчсыздандырууда, дүйнөлүк коомчулук мурунку этаптарга караганда вирус менен күрөшүүгө бир топ тажрыйбалуу болуп калганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости