www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир мандаттуу округдан чыккан 166 талапкерге шайлоо күрөөсү кайра кайтарылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышып, алар БШКнын депозиттик эсебине 28,2 миллион сом күрөө салган.

"Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алган талапкерлердин саны 155 адамды түздү. "Баарына каршы" позициясы көп добуш алганына байланыштуу жыйынтыгы жокко чыккан № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округунда 11 талапкер катталган. Натыйжада 166 талапкерге кайтарылып бериле турган шайлоо күрөөлөрүнүн суммасы 16,6 миллион сомду түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми кайтарууга жатпаган 116 талапкердин 11,6 миллион сомдук күрөөсү республикалык бюджетке чегерилери белгиленет.

Округдар боюнча депутаттыкка ат салышкан жарандар шайлоо күрөөсүнө 100 миң сомдон төккөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости