www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусундагы мунай кендери тууралуу интернетте жарыяланып жаткан маалыматтарга көңүл бөлүү зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Улукбек Садиков билдирди.
Анын айтымында, маалыматтарды текшерип, облустагы кен жайларын карап чыгуу керек.
«Күйүүчү-майлоочу каражаттар кымбаттап жатканда, ушул маселеге көңүл бурушубуз керек. Ал тургай депутаттык комиссия түзүп, мунай кендеринин көрүү менен жеринде таанышуубуз кажет», — деди ал.
Ошондой эле депутат Нурбек Исмаилов Чаткал районундагы Чапай айылында мектептин жоктугунан 200дөй окуучу башка айылдарга барып окууга мажбур экенин белгилеп, аталган курулушту кийинки жылдын бюджетине киргизүү керектигин кошумчалады.
Ал эми депутат Канатбек Ахмедов Баткен облусунда көмүр өтө кымбаттап кеткенин маалымдап: «Экспортко каршы эмеспиз, сыртка да сатуу керек. Бирок жергиликтүү элди камсыздагандан кийин, кара отунду коңшуларыбызга жөнөтсөк жакшы болмок», — деди.
Булак: NazarNews.kg