www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эл оозунда элек жок», айрыкча бүгүн 9-декабрь коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнү элдин оозу өйдө-төмөн эбиреп-жебиреп жатат. Коррупция менен шылтоолонуп «азуулуу акулалар» кармалууда, бирок ачып-көздү жумгуча аппак болушуп, каткырып күлүшүп камактан бошонушат. Төлөп атышат дешет, эмнени төлөп атышат, каякка төлөп атышат? “Темиров каналы” атайын иликтөө жүргүзүп, Акылбек Жапаровдун аялынын, баласынын, башка туугандарынын офшордук компаниялар менен байланышы бар экенин шардана кылып айтып чыкты. Эми бул Кыргызстанда мамлекеттик чоң кызматта жүрүп байыган миллионердин классикалык үлгүсү да, туурабы? Цивилизациялуу өлкөлөрдө мындай учурда министриби, же премьер-министри болобу – отставкага кетет. Кыргызстанда мамлекеттик кызмат элге кызмат кылуунун эмес, баюунун булагы болуп калды, коррупцияга каршы күрөштөн бюджетке 7,5 млрд сом кайтарылды. Учурдагы минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго 2017-жылы депутат кезинде Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, Жапаров 2009-жылы экономика жана каржы министри болуп турганда 200 млн сом (болжолдуу 4,8 млн.доллар) өлчөмүндө бюджеттик ссуданы жогорку кызмат адамдарынын туугандарына тиешелүү компанияларга бөлүп берген. Алардын арасында өзүнүн жубайы да болгон.

2013 -2020 -жылдары Башкы прокуратуранын айтымында акциздик салык боюнча гана 1,748 млрд сом бюджетке түшкөн эмес. Бул эмне коррупция эмеспи? Сабатсыз чимкириктерден түзүлгөн комиссия ТЭЦтеги  афёраны текшерип барышып, жыйынтыгында 111 миллион $ зыян болгон деп табышкан. ТЭЦтеги   уурдалган акчага 484 жаңы мектеп тургузулмак экен. Мурунку бийлик ТЭЦти модернизация иштерин толук бүтүрүү үчүн, Кытай өлкөсү менен 150 миллион америка долларына келишим түзгөнүн ар бир кыргыз билет. Атамбаев дал ошол эле ТЭЦтин келишимин 2,5 эсеге, так айтканда 386 миллион $га көтөрүп салган. Менимче, ушул жерде да адамдарды күмөн жараткан чоң коррупция сасып жатат, эгер эле жакшылап башынан текшерсе. Эсеп боюнча ТЭЦтин ремонт иштери 150 млн $га бүтө турган болсо, анда келтирилген зыян 236 млн долларды түзүш керек эле: 386-150= 236 млн$. Бир аттиш 640 $ болуп жатканынын өзү эле, дал ушул  айтканды далилдеп турат.

Армения 250 млн долларга жаңы ТЭЦ тургузганын айта турган болсок, анда ашыкча сөздүн деле кереги жок. Болгону цифра менен көрсөтүп койсок жетиштүү болот. Кара Сууда жаңы мектеп 39 миллион сомго бүтүптүр. Эсептеп көргөндө: 236 млн $га 484 мектеп бүтмөк экен. Ошондо Атамбаев өзүнүн аппетити тоодой жуткучтары менен, нөлдөн тургузулуп бүтө турган 484 жаңы мектепти жалмап жутуп коюптур. Ал эми өлкөдөгү баардык коррупционер шакалдардын жегендерин, уурулуктарын элестетип да көргүлө. Анан кайдан жүрүп Кыргызстан оңолот, элибиз жакшы жашоого жетет? Коррупционерлердин бар мүлкүн конфискациялоо мыйзамы иштемейинче, коррупционерлерден арыла албайбыз. Бул мыйзамды соттор да колдоно албай жатышат, себеби эртең эле өз баштарына барып калышы мүмкүн да?

Коррупция боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов 50 млн сом, Жалил Атамбаев 100 млн сом, депутат Абжалиев  50 млн сом, Жогорку Соттун судьясы Осмоналиев 70 млн сом (жалпы 114 млн 299 миң сом төгөт), Бажы кызматынын Түштүк аймак башкармалыгынын башчысы Айтмаматов 74 млн сом (дагы 26 млн сом калган), вице-мэр Уланбек Азыгалиев 25 млн сомду мамлекеттин эсебине төлөшкөн. Андан тышкары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча Каржы полициясынын мурдагы башчысы Таиров 20 млн, Каржы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Жамгырчиев 20 млн сом төлөп берген.

Исхак Пирматов да төгүп кутулду. Ал эми мурунку премьер-министрлер Жоомарт Оторбаев, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев сыяктуулар канча төлөшкөндөрү белгисиз, бирок камактан чыгышкан. Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана башкалар кармалган. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары бул ишти карашып булардын чыгарылын көздөп турат. Ташиевдин айтымында, Кумтөр иши  боюнча мамлекетке миллиарддаган сом зыян келген.

Улуттук коопсуздук комитетин же төрт тамгага келсек, жакында «доссекретарь» Камчыбек Ташиев массалык маалымат алдына чыккан. Илгери Юрий Андропов сыяктуулар КГБда иштеп эл алдына чыкпай жашырынып иштей турушкан. Эмки коопсуздук комитети эл алдына дайыма чыга калып жүрөт. Быйыл жарым жылда УКМК тарабынан  коррупция, пара талап кылуу, мыйзамсыз баюу жана кызмат абалынан пайдалануу фактылары боюнча 304 иш ачылыптыр. Аталган иштер боюнча мамлекетке келтирилген зыян 26 млрд сомдон ашкан. Анын ичинен 7,5 млрд сомго жакын каражаттын орду толтурулган. Ал аталган иштер боюнча кармалып, мамлекетке акча төккөн айрым адамдардын аттарын атап өттү.

"Жалпы 304 иш ачылган. Сиздерге 30га жетпеген фактты айтып бердим. Бул иштер боюнча өндүрүлгөн акча ар бир тыйынына чейин мамлекеттин бюджетине төлөнөт. УКМК ал акчаларды өзү колдонбойт. Ага акысы да жок", — деди ал.

Дагы бир аткаминер бюджетке 170 миллион төгүп, абактан чыккан. Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов кылмыш ишинин алкагында тергөө менен келишим түздү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Мындан улам Биринчи май райондук соту мурда камакка алуу түрүндө тандалган баш коргоо чарасын өлкөдөн чыкпоо чарасына алмаштырды.

Бишкек шаарынын экс -мэри Азиз Суракматов 4 250 000 000 сомдой мамлекетке зыян келтирди деп шектелип жаткан, казнага 150 миллион сом айып төлөп эркиндикке чыгып, элирип калды дейт. Эгерде айып төлөп жатса, анда коррупционер экенин мойнуна алып жатат да же ошол каражатты кайынагасы Ж. Шарипов миллиондогон сом алган элчинин айлыгынан чыгарып берип жатыптырбы? Эми бул каражат да ошо бойдон дайынсыз жоголорун билебиз, кеп анда эмес аткаминер, эркиндикти кантип мынча арзанга сатып алды? Суракматовдун убагында Бишкек шаары болуп көрбөгөндөй таланган, салыштырмалуу башка мэрлер эки сөөмөйү менен гана шаардык бюджетке кол салып турса, Суракматов колун чыканагына чейин батырып жиберген. Көпөстөр көп берене менен камалган Атамбаевден башкасы доллар менен жешип, сом менен кутулуп кетип жатышат. М. Аманкулов 50 млн сом, Ж. Атамбаев 100 млн сом,  Абжалиев  50 млн сом, судья Осмоналиев 70 млн сом (жалпы 114 млн 299 миң сом төгөт), Айтмаматов 74 млн сом (дагы 26 млн сом калган), Азыгалиев 25 млн сомду мамлекеттин эсебине төлөгөн.

"КР Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, Азиз Суракматов тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, экс-мэр Бишкек шаарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берди. Ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллионун кайтарды. Калган чыгымдарды төлөө графиги түзүлдү", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө. Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Суракматов мыйзамсыз баюу жана коррупцияга айыпталып келген.

Өлкө президентинин жарлыгы менен июнь айынын аягында Коррупцияга каршы кызматынын (АКС)  жоюлган, анда иштеген кызматкерлер жумушсуз калган жок. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын милдетин ушул эле ведомствонун 6-башкармалыгы аткарат. Алар бир эле башкармалыктын кызматкерлери эмес. Кызмат жоюлганы менен андагылар башка бөлүмдөрдө иштесе болот. «Эми Коррупцияга каршы кызматынын милдетин УКМКнын 6-башкармалыгы (Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкы башкармалык) аткарып калат. Демек, мындан ары деле коррупцияга каршы иштеп, кызматтык кылмыштарды иликтей беребиз", — деген Ташиев. Анын айтымында, аталган кызмат жарым жыл ичинде мамлекетке 6 миллиард сом кайтарып берди. Былтыркы жылдын 10 айында бул көрсөткүч 100 миллион сомго гана жеткен.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлдү. 2021-жылдын 23-июнунда Мамлекет башчысынын бизнес-коомчулук менен жолугушуусу өтүп, анда ишкерлердин ишинин алкагында келип чыккан бир катар көйгөйлөр жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган. Бизнес-коомчулуктун сунуштарын жана көйгөйлөрүн угуп Садыр Жапаров жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлөрүн белгилеген.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости