www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мобилдик интернеттин баасы боюнча дүйнөдөгү 230 өлкөнүн ичинен экинчи орунда турат.

Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

"Кыргызстан британиялык Cable аналитикалык ресурсунун рейтинги боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң ылдам интернетке ээ. Муну менен катар Кыргызстан мобилдик интернеттин эң арзан баасы боюнча дүйнөдөгү 230 өлкөнүн ичинен 2-орунда турат", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ошондой эле маалыматта Кыргызстанда интернетке кирүү кызматтары 20 жылдан бери көрсөтүлүп келе жатканы айтылган. Бүгүнкү күндө өлкөнүн 5,7 миллиондон ашык жашоочусу активдүү интернет колдонуучулары болуп эсептелет. Бул көрсөткүч калктын дээрлик 85 пайызын түзөт.

Маалыматка караганда, 2021-жылга карата алдын ала төлөнүүчү топтомдогу мобилдик интернеттин 1 ГБнын орточо чекене баасы 0,15 долларды түзөт. Ал эми өлкөдөгү эң арзан тариф -  0,10 доллар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости