www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаров жана Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулады, өзгөчө басым соода-экономикалык тармактагы маселелерге, атап айтканда, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүү маселесине жасалды.

Нурсултан Назарбаев белгилегендей, өлкөлөр ортосундагы мамилелер бир туугандык жана коңшулук принциптерге таянат.

Жолугушуунун жүрүшүндө А.Жапаров Нурсултан Назарбаевди жана казак элин Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады жана Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан куттуктоо сөзүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости