www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грекиядан Литвага учуп бараткан ирландиялык Ryanair авиакомпаниясына таандык учакты 23-майда Минскиге чукул кондурган авиадиспетчер Олег Галегов польша бийлигине көрсөтмө берди. Бул тууралуу The New York Times жазды.

Басылманын булактарынын маалыматына караганда, Галегов жайында эле беларус-польша чек арасынан мыйзамсыз өткөн. Варшавада ал АКШнын элчилиги менен байланышкан, бирок аны польша бийлигине жөнөтүшкөн. Беларус авиадиспетчери аларга бортунда беларус оппозициялык блогери Роман Протасевич бар учакты Беларустун Мамлекеттик коопсуздук комитетинин операциясынын алкагында Минскке кондурууга мажбурлашканын айткан. Анын билдиришинче, окуя болгон учурда атайын кызмат өкүлдөрү авиадиспетчердик кызматты көзөмөлгө алып турушкан.

The New York Times маалымдагандай, диспетчер Польшадан чыгып кетти, азыр анын кайда экени такталган жок.

23-майда беларус бийлиги Грекиядан Вильнюска бараткан учакта "бомба бар" деген жалган шылтоо менен Минск шаарына кондуруп, борттогу беларус блогери Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызын кармаган.

Лукашенконун буйругу менен "МиГ-29" аскердик учагы абага көтөрүлүп, Беларустан Литвага өтүп калган жүргүнчүлөр учагын артка кайтарып, конууга мажбурлаганы кийин маалым болгон.

Андан соң кармалган Роман Протасевич күнөөсүн моюнга алып, көрсөтмө бергени кабарланган. Ошондон соң сүйлөшкөн кызы экөө 25-июнда тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган.

Беларуста былтыр өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын оппозиция жана Европа мамлекеттери тааныган эмес. Шайлоодон кийин жарандык активисттер, оппозиция өкүлдөрү нааразылык акцияларына чыгышкан. Алардын айрымдары кармалып, камакка алынган.

Последние новости