www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун "омикрон" штаммы эмдөөдөн кийинки антителону айланып өткөн учурлар бар, бирок аны башка штаммдардан кооптуу деп айтууга болбойт. Бул тууралуу Түштүк Африка Республикасынын окумуштуулары өткөргөн алгачкы лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгонун ВВС жазды.

Адистер Pfizer препараты менен эмделген 12 кишинин канынан плазма алып, ал "омикронду" канчалык зыянсыздандыра аларын текшеришкен.

"Омикрон" штаммы "дельтага" салыштырмалуу амалдуураак экени белгилүү болду. Ошондой эле ал коронавирустун 2019-жылы Ухань шаарында табылган нөлдүк штаммынан күчтүү экени аныкталган.

"Анткен менен "омикрон" антителолорду толугу менен жок кыла албайт. Бул жерде эмделген гана адамдардын антителосу жөнүндө сөз болуп жатат. Ал эми мурда коронавирус жуктуруп сакайып, андан соң вакцина алган адамдардын антителосу андан дагы күчтүү болот. Демек, "омикрондун" жугуу мүмкүнчүлүгү бир топ азаят", — деди Африканын илимий-изилдөө институтунун профессору, вирусолог Алекс Сигал.

Африкалык окумуштуулардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы илимий жактан рецензиялана элек. Бирок дүйнө жүзүндөгү адистердин бардыгы "омикрондон" коргонуунун жалгыз жолу эмдөөдөн өтүү экенин айтууда.

Эске салсак, буга чейин ДССУ Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы катталганын, анда патоген клеткаларды жугузуучу S-белоктун 32 мутациясы бар экенин билдирген.

Ал эми окумуштуулардын айтымында, SARS-CoV-2 геномундагы жаңы өзгөрүүлөрдүн көбү бул варианттын башкаларга жугуу жөндөмдүүлүгүн жана оорулуулардын, эмдөөдөн өткөндөрдүн коргоочу антителолоруна туруктуулугун көрсөтүп турат.

Ошол эле учурда орусиялык окумуштуулар бул штамм башкаларынан алсыз экенин айтып, пандемиянын жыйынтыктоочу варианты болуп каларын дагы божомолдоп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости