www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми Америкага Кыргызстандан түз учабызбы?

Кыргызстандан АКШга түз аба каттамдары азырынча ачыла элек, бирок бул багытта иштер жүрүп жатат.

Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов билдирди. 

Анын айтымында, АКШга каттам ачуу үчүн Кыргызстан атайын аудиттен өтүп, америкалык авиациялык коопсуздук талаптарына жооп бериши керек.

Ошондой эле атайын жабдуулар, өзүнчө терминалдык инфраструктура жана атайын даярдыктан өткөн кызматкерлер талап кылынат. 

Мындан тышкары, АКШга учкан учак ортодо башка өлкөгө конбостон түз учуп жетүүгө жөндөмдүү болушу зарыл. Эгер аралыкта конуу каралса, билеттин баасы кымбаттап, каттамдын кирешелүүлүгү төмөндөйт.

Бостонов белгилегендей, учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен АКШга түз каттам Өзбекстандын борбору Ташкенттен гана аткарылат. Ошол эле учурда Кыргызстан келечекте АКШга, ошондой эле Будапешт жана Берлин шаарларына каттамдарды ачуу боюнча иштерди улантууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 20 жылдан кийин Европанын авиациялык «кара тизмесинен» чыгып, ата мекендик авиакомпанияларга Европа өлкөлөрүнө учууга мүмкүнчүлүк алган.

Последние новости