www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2025–2026-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтерин тапшыруу аземи 2026-жылдын 26-июнунда саат 09:00дө өткөрүлөрүн билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол күнү республиканын бардык жалпы билим берүү уюмдарында 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк, ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшырылат.

Министрлик белгилегендей, документтерди тапшыруу иш-чарасын өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жоопкерчилик билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.

Ошондой эле менчигинин түрүнө жана статусуна карабастан бардык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине иш-чараны өткөрүү үчүн акча каражаттарын чогултууга жана бүтүрүүчүлөр менен ата-энелер үчүн кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынары эскертилди.

Последние новости