www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми чиновниктер “эшек” минишеби?

Сары бала Сапар Исаков негизи кээде туура кадамдарды жасап коюуда. Алсак, премьер-министр “Мамлекеттик мекемелерде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортторду азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна кол койду. “Эл аралык уюмдар каржылоочу ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде гранттардын жана каржылоонун башка булактарынын эсебинен алынган же берилген оперативдүү башкарууда же чарбалык карамагында турган, белгиленген лимиттерге кирбеген автотранспорт каражаттарды ал долбоорлор аяктаганда президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп беришсин”, деп айтылат токтомдо.

Эми бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып ош беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ошондо чириген чиновниктер эмес, алардын бала бакырасы бала бакча, мектептерге эмне менен барышат? Мына ушул маселе кыйнайт го, эми тиги чоң курсак жетекчилерди…

Булак: "Майдан.кж"

Последние новости