www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Прокуратура органдарына бул маселе боюнча арыздангандар көбөйгөнбү, айтор, Башкы прокуратура такыр алимент төлөбөй качып жүргөндөрдү мажбурлап ишке орноштуруп, маянасынан балага (балдарга) акча бөлдүрүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгеледи. Ал кечээ парламенттин профилдик комитетинде талкууга алынды.
Буга чейин мыйзамда алимент боюнча карызы барлардан алиментти үстөгү менен алуу, өлкөдөн сыртка чыгуусун чектөө чарасы каралган болуучу. Эми сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, такыр алимент төлөбөй жүрө бергендер мажбурлап ишке орноштурулуп, маянасынан балага акча өндүрүлөт.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева акчасы жоктугун шылтоолоп акча төлөбөй жүрө берген учурлар көп кездешерин билдирди.
Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, алиментти 3 ай төлөбөгөндөр 3 суткага, дагы кайталанса 7 суткага камалат. Бир жыл төлөбөй жүрө берсе коомдук жумушта иштеп, такыр эле болбосо кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Долбоордогу дагы бир новация – алимент төлөбөгөндөрдү эми сот аткаруучулар мажбурлап жумушка орноштурушат. Бул сунуш логикалык жактан туура болушу мүмкүн. Анткени, азыр менчик ишкана-мекемелерде эмгек акылар мыйзамга ылайык, ачык төлөнбөйт. Ошондуктан эмгек акы (киреше) алып жаткан алиментчилер иш жүзүндө иштебеген түр көрсөтүшү, же алиментти аз төлөш үчүн иш берүүү менен келишип алып, аз көрсөтүшү мүмкүн.
Иштебеген болгондо, алимент ошол алиментчи жашаган райондогу жашоо миниминен эсептелет.
А бирок, сунушталып жаткан мыйзамдын иштеши кандай болот болду экен? Биринчиден, сот аткаруучулар эми ишке орноштуруу кызматын да аткарып калышабы? Аткарганда да ишке орноштура алышабы? Алар сунуштаган жумуш алиментчилерге жакпасачы? Же алар сунуштаган алиментчи иш берүүчүнү каанаттандырбасачы?
Экинчиден, сот аткаруучулар тарабынан мындай контроль иш берүүчүлөрдү кооптондурат. Анткени, кыйыр түрдө анын бухгалтериясына кошумча текшерүүчү чыгып жатпайбы!
Ал ортодо депутат Дастан Бекешев алимент институтунан биротоло баш тартууну сунуштады. Анын ордуна депутат алиментчилерди мамлекетке "эшектей" иштетиш керектигин айтып, балдарды мамлекеттин камкордугуна алуу зарылдыгын билдирди.
“Эшектей иштетүү” дегенди Бекешев кантип түшүнүп, анан ишке ашырууну айткан жок. Бирок, бул алиментчилерди иш жүзүндө кулга айлантуу сыяктуу болуп көрүнөт экен.
“Ажыраштыбы, дароо эле мамлекетке карыз болуп калсын. Мамлекет 10 миң сом болобу, 5 миң сом болобу, ай сайын жөлөкпул төлөсүн. Ал эми алимент төлөш керек болгон киши мамлекетке карыз болуп калсын. Каякка качат? Каякта болбосун, кандай мүлкү болбосун, мамлекет издеп таап, ала турган кылалы”, — деди эл өкүлү.
Буга прокурордун орун басары “мындай болсо жаштар үйлөнбөй коет ко” деп тамашалады.
Бул мыйзам долбоору акыр аягында кабыл алынып, алынса кандай түрдө алынат болду экен?
Мырзакат Тыналиев