www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров “Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын максаттары болуп виртуалдык активдер чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер рыногунун туруктуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу саналат.
Мыйзамда “стейблкоин (stablecoin)” түшүнүгүнүн аныктамасы такталган, ошондой эле “реалдуу актив менен камсыздалган токен (Real World Asset Token — RWA Token)”, “мамлекеттик майнинг”, “мамлекеттик криптовалюта резерви” сыяктуу түшүнүктөрүнүн аныктамалары менен толукталат.
Мыйзамда виртуалдык активдер чөйрөсүндө инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды киргизүүгө байланыштуу коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салууну апробациялоо максатында Кыргызстандын президенти белгилүү бир мөөнөткө Кыргыз Республикасынын айрым аймагында атайын жөнгө салуучу режимдин (жөнгө салуучу пилоттук чөйрөнүн алкагында) алкагында пилоттук жөнгө салууну белгилөөгө укуктуу экендиги каралган.
Ошондой эле виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү саясатты жана жөнгө салууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон максаттарга жана иштин түрлөрүнө ылайык атайын жөнгө салуучу режимдин алкагында лицензиялоону жана уруксат берүүчү документтерди берүүнү жүзөгө ашырары белгиленген.
Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрдүн ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алуу үчүн юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга лицензия берүү тууралуу арыз менен кайрылат.
Мындан тышкары мыйзамда майнингди жүзөгө ашырып жаткан жактар ушул мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө милдеттүү экендиги тууралуу ченем каралган. Каттоодон өткөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар сертификат алган күндөн тартып майнингди жүзөгө ашырууга укуктуу.